Марал Радиосу

Бишкекте автобустар бузулууда. Тетик сатып алууга тендер жарыяланды

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы тетик бөлүктөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, элдик кошуундарды ташыган 13 муниципалдык автобус октябрь айынын башындагы башаламандык учурунда бузулуп, терезелери талкаланган.

Транспорттун бузулушуна байланыштуу мурда каттамга болжол менен 110-115 автобус чыгып келген болсо, акыркы күндөрү 90го жакын гана автобус чыгууда.

«Акыркы мезгилде  шаар тургундарынан автобустардын аралыгы боюнча кайрылуулар жана арыздар келип түшүүдө. Автобустардын аралыгы чындыгында бир аз алыстады, бул транспорттун бузулушуна байланыштуу жана учурда тетиктер талап кылынат», — деп айтылат маалыматта.

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;