Марал Радиосу

Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы БШКнын мүчөлүгүнөн алды

Бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан парламенттин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын кызмат ордунан бошотуу сунушун колдоду.

Атыр Абдрахматова 16-октябрда БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда кетүү тууралуу арыз жазган.

Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришет.