Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Сурабалдиеванын вице-премьерликке талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 1179 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьер-министрлик кызматка Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу 28-октябрда белгилүү болду.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети Аида Исмаилованын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына да талапкерлигин колдоду.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ант берет.

27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырган. Ал эми Исмаилова буга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болчу.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеди.

Аида Исмаилова кызматынан бошотулду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM