Марал Радиосу

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору иштен алынды

Дүйшөн Ирсалиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директорлугунан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Дүйшөн Ирсалиев Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп 2015-жылдын 11-ноябрында дайындалган.

2014-жылы Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп иштеген.