Марал Радиосу

Улукбек Кочкоров кызматынан кетти

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматтан кетти. Өз каалоосу менен жазган арызга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Кочкоров аталган министрликте 2 жыл эмгектенди. Ал 4-октябрда өткөн шайлоого «Биримдик» партиясы менен ат салышып, жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кызматына кайтып келген.