Марал Радиосу

Садыр Жапаров: Акылбек Жапаровду 3 күндөн бери издеп, таппай жатам

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматынан бошотту. Бул тууралуу ал коомдук телеканалга берген маегинде билдирди.

 — Акылбек Жапаровду мен 3 күндөн бери издеп, таппай атам, жумушка келе элек. Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим болбойт, — деп билдирди Жапаров.

Акылбек Жапаров буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында экономикалык маселелер боюнча Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгонун билдирген эле.