Марал Радиосу

Жапаров элчилер жана эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугат

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана Кыргызстанда катталган чет өлкөнүн ардактуу консулдары менен жолугушат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу 28-октябрда саат 14.00дө “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай” конок үйүндө өтөт.