Марал Радиосу

Балбак Түлөбаев эмгек жамаатына тааныштырылды

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Түлөбаевди эмгек жамаатына өкмөт аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев тааныштырды.

Түлөбаев сөз сүйлөп жатып, баарын ишти улантууга, кышка даярданууга жана пандемия менен күрөшүүгө чакырды.

Балбак Тулөбаев 48 жашта. Ал 2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеди. Андан кийин 2020-жылдын 27-июлунан бери Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келди.