Марал Радиосу

Көк бөрү: Манас Ниязов эми «Ала-Тоо» командасында ойнойт

Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов жаңы келишим менен Кыргызстандын биринчи лигасындагы «Ала-Тоо» командасына өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков «Маралга» билдирди. Маалыматты «Достук» командасынын капитаны Таши Майлибашев да ырастады.

Маалым болгондой, Манас Ниязов 3-ноябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу — 2020» мелдешине «Ала-Тоо» командасынын курамындагы оюнчу катары кирген.

Белгилей кетсек, Манас Ниязов көп жылдан бери Оштун «Достук» командасында ойноп, өз командасын бир нече жолу баш байгеге жеткирген.