Марал Радиосу

Коопсуздук кызматкерлеринин колоннасы Минскке бет алды

Беларусиянын коопсуздук кызматкерлеринин аскердик унаалар колоннасы ири нааразычылык акциясы өтүп жаткан Минсктин борборундагы Эгемендүүлүк проспектисин көздөй бара жатышат. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

«Коопсуздук күчтөрүнүн аскер техникасынын колоннасы Уручие шаарынан (Минсктин четиндеги кичи район) борборду көздөй багыт алды. Менимче, алар Эгемендүүлүк проспектисине баратышат», — деген күбөлөрдүн бири.

Ал эми нааразычылык жүрүшүнүн катышуучулары Республика сарайы жайгашкан «Октябрь» аянтына жетишти.