Марал Радиосу

Жактоочу: Атамбаев ачкачылык жарыялады

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына которулду.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаев ачкачылык жарыялады. Себеби аны тергөө абагынын жер төлөсүндө кармашууда.

«Ал камерада буга чейин эч ким кармалган эмес, жылуулукту бүгүн беришти. Канализациясы да иштебейт», — дейт жактоочу.

Атамбаев буга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болчу.