Марал Радиосу

Кытай АКШнын үч ири компаниясына санкция киргизүү ниетинде

Кытай Тайванга курал-жарак жеткирүүгө катышкан АКШнын үч ири компаниясына санкция киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян дүйшөмбүдөгү брифингде билдирди.

«Эл аралык кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн биз төмөнкүдөй чараларды көрүүнү чечтик. Бул процессте негизги ролду ойногон АКШ компанияларына санкцияларды киргизебиз. Алардын арасында Lockheed Martin, Boeing Defence жана Raytheon бар», — деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.