Марал Радиосу

Шевченконун кийинки беттеши Лас-Вегаста өтөт

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун кийинки беттеши 21-ноябрда Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, UFC-255 мелдешинин алкагында өтө турган бул таймашта Шевченко бразилиялык Женнифер Мая менен октагонго чыгып, чемпиондук наамын коргойт.

Ошондой эле 21-ноябрда аталган турнирдин алкагында дагы бир кыргызстандык мушкер, Валентинанын эжеси Антонина Шевченко бразиялиялык Ариана Липски менен таймаш өткөрөт.