Марал Радиосу

Республикалык жаштар конгресси 2021-жылга жылдырылды

10-ноябрда өтө турган Республикалык жаштар конгресси 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, республикалык жаштар конгрессинин делегаттарын тандоо сынагы да токтотутат. Буга чейин жиберилген табыштамалар иш-чаранын алдында гана каралат.

Агенттик буга өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал себеп экенин билдирет.