Марал Радиосу

Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен кетти

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Президенттин иш башкармалыгына кызматка дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Ал буга чейинки кызматынан кеткени бүгүн белгилүү болгон. Азырынча өкмөт расмий маалымат бере элек.

Балбак Түлөбаев 6-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бирок кайра кырдаал турукташып, жаңы өкмөт башчы дайындалганга чейин кызматтык милдетин аткара берерин айткан.

Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 2020-жылдын 27-июлунда дайындалган.