Марал Радиосу

Садыр Жапаров иш сапар менен Кочкор районуна барды (сүрөт)

Бүгүн, 25-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров иш сапар менен Нарын облусунун Кочкор районуна барды.

Иш сапардын алкагында Кочкор районундагы Мантыш айылына майып жана жакыр үй-бүлөлөр үчүн салынып жаткан социалдык кыштакчанын курулушуна капсула салып, долбоор менен таанышты.