Марал Радиосу

COVID-19: 606 адам оору жугузуп, 4 бейтап каза болду

25-октябрга карата коронавирус жуктурган 606 адам катталып, 4 бейтап каза тапты. 6 медициналык кызматкердин илдетке чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Оору жугузгандар:

Бишкек шаарында — 88;

Ош шаарында — 36;

Чүй облусунда — 29;

Талас облусунда — 24;

Нарын облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 41;

Ош облусунда — 94;

Баткен облусунда — 105;

Жалал-Абад облусунда — 184;

Муну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 55 миң 750гө, каза болгондор 1134кө жетти.

Ал эми акыркы суткада илдеттен 279 бейтап сакайып, айыккандардын жалпы саны 47 миң 676ны түздү.

Exit mobile version