Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Парламент референдум өткөрө албайт

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 945 | 0

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков парламент референдум өткөрө албасын эскертти.  Анын айтымында, референдум менен Конституцияны өзгөртүү эрежеси Башмыйзамдын өзүндө бекитилген. Анда жазылган 114-берененин негизинде Конституцияны өзгөртүү мыйзамын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.

— Эгерде парламентке ошондой мыйзам түшсө, ал алты айдан кийин үч окууда каралат. Ар бир окуунун ортосунда эки айдан кем эмес убакыт керек. Ошентип 10 айга кирип кетип жатат. Андан кийин үчтөн эки добуш менен Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча элге кайрылат. 28-октябрда Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп, башкача айтканда, парламент тарайт. Жогорку Кеңешти жаңы шайлоо болбогондон кийин, Кыргызстанда парламент деген түшүнүк жок болот. Мыйзамды кабыл алуучу күч болбой калат. Экинчиси, шайлоо да, референдум да болбойт, бүт бийлик бир кишинин колуна өтөт, — деди Кадырбеков.

Ошол эле учурда ал референдумдун, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолун так билген Өмүрбек Текебаевдин референдумга макул болгон чечимине таң калып турганын, «Эмне себептен «Башмыйзамдын атасы» Конституцияны көңүлүнө алган жок?» деген күмөндүү ой жаралганын жашырбады.

Эгерде эки мыйзам бир-бири менен айкалышпай, карама-каршы келип калса, анда улуу мыйзам күчүнө кирет. Ошентип 22-октябрда кабыл алынган мыйзам Конституцияга карама-каршы келгендиктен, күчүнө кирбей, тактап айтканда, иштебей калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM