Марал Радиосу

Садыр Жапаров дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломаттарын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров өз куттуктоосунда дипломатиялык кызматтын ардагерлерине жана кызматкерлерине ден соолук, күч-кубат жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

«Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандын тарыхынын жаңы баракчасын ачып жатабыз. Элибиздин улуттук аң-сезиминин ойгонушу аркылуу бийлик мыйзамдуу жол менен алмашты. Ушул кырдаалда биздин дипломаттардан өзүнүн мыкты кесипкөйлүгүн жана мекенчилдигин көрсөтүп, тышкы өнөктөштөр менен улуттук кызыкчылыктардын негизинде ырааттуу иш алып барууга тийиш. Өлкөдөгү кырдаал тышкы саясий багытта, айрыкча экономикалык дипломатияда жигердүү иш жүргүзүүнү талап кылууда» , — деди Жапаров.

Ошондой эле ал азыркы шарттарда республикага жаңы инвестицияларды тартуу дипломаттардын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экендигине токтолду.