Connect with us

Камчы Көлбаев камакта калтырылды

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 721 | 0

Биринчи май райондук соту 23-октябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карады. Ал УКМКнын абагына убактылуу камакка алынды деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Ал буга чейин 48 саатка камалган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 22-октябрда Камчы Көлбаев кармалганын билдирген. Кийинчерээк ошол учурда тартылган видео жарыяланган.

Колго түшүрүү иштери «Avangard» спорт клубунда жүргүзүлгөн. Анын кармалышы уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө байланыштуу болгон.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев Кыргызстанда «мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун ана башы катары таанылган. Киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы эрте бошоп чыккан. Аны АКШ 2011-жылы эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM