Марал Радиосу

Ак үйдүн имаратындагы талкаланган компьютерлер

Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектиги айтылган.

5-октябрда парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү нааразылык акциясы башаламандыктар менен коштолуп, толкуган эл Ак үйдү басып алган. ЖК имаратынын чыгыш тарабы өрттөлгөн.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине депутаттар да салым кошуусу керектигин айтып, ар бир кесиптешине өзүнүн иш бөлмөсүн оңдооону өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштады.

Депутат Ак үйдү оңдоо боюнча челлендж жарыялады

Парламенттин басма сөз кызматынын мурунку жетекчиси Ибраим Нуракун уулу, башаламандык учурунда көптөгөн компьютер талкаланып, маалымат базалары жоголгонун Фейсбукка жазды.