Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 568 | 0
Чыңгыз Айтматов жана Турдакун Усубалиев

Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын эски аянтына мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому күчүнө кирди. Мындай чечим Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата кабыл алынган.

2019-жылы Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылган. Ошондой эле Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине берилген.

Турдакун Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган.

Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеп турган убакта Бишкектеги  Илимдер Академиясы, Улуттук китепкана, Улуттук филармония сыяктуу бир нече маданий жайлардын имараты, «Айчүрөк» соода борбору, «Ала-Тоо» аянты курулуп, көптөгөн стратегиялык курулуштар ишке берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM