Марал Радиосу

«Жогорку Кеңештин сапаты өтө начар»

Жогорку Кеңештин сапаты өтө начар. Буга шайлоо мыйзамдары күнөөлүү. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдары өзгөртүлбөсө, парламенттин деңгээли улам начарлай берет. Андыктан мыйзамдарды өзгөртүү кажет.

«Босого баллды төмөндөтүп, күрөөнү түшүрүп коюу менен баары сонун болот дегенге кошулбайм. Экинчиден, азыркы системада жашагандан баарыбыз тажадык. Анан пайдасын көргөн эки жүздөй кишиге гана майдай жагып жатат. Андыктан биз Конституциялык референдумга барышыбыз керек», — дейт Бөрүбашев.