Марал Радиосу

Кыргызстандык дзюдочулар Будапешттеги мелдешке катышат

Duesseldorf, Germany, February 25 - Iurii Krakovetskii (KGZ), Takeshi Ojintani (JPN) - Grand Slam Duesseldorf 2018 (Photo © by Klaus Mueller. All rights reserved. Including image always credited to Klaus Mueller)

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 23-25-октябрь күндөрү Будапешт (Венгрия) шаарында өтө турчу «Grand Slam Hungary» эл аралык рейтинг мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Аталган мелдеште Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

  1. Те Артур – 66 кг;
  2. Золоев Владимир – 81 кг;
  3. Шеров Эрлан – 90 кг;
  4. Фарух Булекулов – 90 кг (башка каржылоо булактарынан);
  5. Краковецкий Юрий – 100 кг жогору;
  6. Кадыракунов Эркин – команданын жетекчиси.

Дзюдочулардын чыгымы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен каржыланды.