Марал Радиосу

Депутат Ак үйдү оңдоо боюнча челлендж жарыялады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине депутаттар да салым кошуусу керектигин айтып чыкты. Ал ар бир кесиптешине өзүнүн иш бөлмөсүн оңдооону өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштады.

«Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Өкмөт ал үчүн 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок  иш кабинеттерин оңдоп-түзөөнү өз эсебинен жүргүзгөнгө депутаттардын 90 пайызынын кудурети жетет. Келгиле, компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы», — дейт Маматалиев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектиги айтылган.

5-октябрда парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү нааразылык акциясы башаламандыктар менен коштолуп, толкуган эл Ак үйдү басып алган. ЖК имаратынын чыгыш тарабы өрттөлгөн.