Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан шайлоолорду өткөрүү үчүн Швейцариядан жардам сурады

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 740 | 0

Кыргызстан парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү үчүн Швейцариядан жардам сурады. Бул тууралуу Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинин сайты жазды.

Элчи Данияр Мукашев менен Швейцариянын Тышкы иштер боюнча федералдык департаментинин жетекчиси Анна Ифковиц 21-октябрда телефондо сүйлөшкөн.

Сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болуп, кыргыз элчиси өлкөдөгү акыркы саясий-экономикалык абал жөнүндө маалымат берди. Ал бардык маселелер мыйзам чегинде чечиле баштаганын, өлкө эл аралык милдеттерди аткарууну улантарын билдирди.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү үчүн Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү өтүнүчү айтылды. Элчи пандемия учурундагы көмөгү үчүн да Швейцарияга ыраазычылык билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Ифковицтин айтымында, Швейцария Кыргызстандагы саясий окуялардын өзгөрүшүнө көз салып турат жана өлкөдө адам укугу сакталган шарт түзүлөрүнөн үмүт кылат. Ошондой эле ал Кыргызстандагы жалпы кыргыз коомчулугунун кызыкчылыктарын жана үмүтүн чагылдырган таза, акыйкат шайлоо процесстерин жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун бардык аспектилерин талкуулоо үчүн эки тараптуу диалогду улантууга макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM