Биз менен байланышыңыз

Бишкектин билим берүү башкармалыгына иш козголду

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 4389 | 0

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө жабдууларын техникалык тейлөө, текшерүү боюнча кызматтарды сатып алуу, ысык суу жана муздак суу киргизүү иштерин сынаксыз, тендерсиз ишке ашырышканы далилденди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM