Марал Радиосу

Бажычылар мыйзамсыз ташылган мөмө-жемиштерди кармады

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 697 миң 270 сомдук аткез товар кармалды.

«Баткен» бажысынын кызматкерлери Баткен шаарынын тургуну Э.И.Н.дин «Вольво» жүк ташуучу унаасынан коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 миң 647 килограмм жүзүм жана курма табышты. Кармалган товардын жалпы наркы 697 миң 270 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.