Марал Радиосу

УЕФАнын I туру: Месси дагы өзгөчөлөндү

Европа футболдук уюмунун Чемпиондор лигасы 20-22-октябрда алгачкы турун жыйынтыктады.

Бул турда өзгөчөлөнгөн Месси УЕФАнын рекордун жаңылады. Оюндун биринчи таймы «Барселонанын» футболчусу Лионель Мессинин пенальтиси жана Ансу Фатинин голдору менен 2: 0 эсебинде жабылды.

Барселона экинчи таймда Филиппе Коутиньо, Педри жана Османе Дембеленин голдору менен айырманы көбөйттү.

Конок команда «Ференцвароштун» жалгыз голун Ихор Харатин пенальтиден киргизди.

Ошентип «Барселонанын» аргентиналык жылдызы Месси мелдеште 16 сезондо катары менен гол киргизген биринчи оюнчу болуп, 16 ар башка сезондордо гол киргизген Райан Гиггздин рекордун жаңылады.

Калган оюндардын эсептери төмөндө:

Шейшемби 20-октябрь

Шаршемби 21-октябрь

Бейшемби 22-октябрь

Даярдаган: Бекбосун Маратбек уулу