Марал Радиосу

Лукашенко: Орусия менен Беларусиянын «достору» аз

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин менен жолугушууда Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Орусия менен Беларусиянын «пандемиядан нес болгон» дүйнөдө достору аз экендигин айтты.

«Бул ачууланган, айрыкча, пандемияга алдырган дүйнөдө — биздин досторубуз аз. Ачыгын айтканда, бардыгынын Орусия менен Беларусияга болгон саясий кызыкчылыгы бар. Биз өзгөчө маанайды көрсөтүшүбүз керек», — деди Лукашенко Эгемендүүлүк сарайында болгон жолугушууда.

Нарышкин Минскиге бүгүн эртең менен барды. Ал күтүүсүз сапар менен барган.