Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин жыйыны үч сааттан бери башталбай турат

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн депутаттар чогула албай жатат. Жыйын саат 14.00гө белгиленген, дээрлик үч саат кечигүүдө.

Депутаттардын көчүлүгү комментарий берүүдөн карманып, аталган мыйзам долбоору менен таанышып жатабыз деп эле турушат.

Эл өкүлү Алтынбек Сулаймановдун айтымында, шайлоонун мөөнөтүн узартуу Конституциялык мыйзам болгон үчүн талкуулоого 80 депутат чогулушу керек.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Депутат Талант Мамытов жыйын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «Шайлоо тууралуу мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтотуу жөнүндө» документ сунушталганын айтты.

Ага ылайык, буга чейин белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтү жаз айларына жылдырылышы мүмкүн. Ага чейин Конституцияга айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Талант Мамытов Конституцияга өзгөртүү киргизүү талкууга коюларын кошумчалады.