Марал Радиосу

Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 22-октябрда Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалым болгондой, очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө таңкы саат 7:21де катталган. Силкинүү күчү Өзгөн районунун Бостон, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5, Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.