Марал Радиосу

Курманкул Зулушев башкы прокурор болду

Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент жыйынында Зулушевдин талапкерлигин көпчүлүк депутаттар колдогон.