Марал Радиосу

Парламент башкы прокурор кызматына Зулушевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына депутат Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды.

Жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө Зулушевдин талапкерлиги үчүн 84 депутат «макул», 1 депутат «каршы» деп добуш берди.

Буга чейин башкы прокурор болуп келген Өткүрбек Жамшитов бүгүн кызматтан бошотулду.

Exit mobile version