Марал Радиосу

Айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиев сунушталды

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралат. Учурда ал парламенттин комитет жыйынына катышууда.

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети Токтогазиевдин талапкерлигин талкуулайт.

Комитеттердин жыйыны жана парламенттин жалпы жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Тилек Токтогазиев жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон.

Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эркинбек Чодуев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду.

Эркинбек Чодуев кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Чодуев аталган кызматка 2019- жылдын июнь айында дайындалган.