Марал Радиосу

2020-жылы эң көп коюлган ысымдар

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанда 114 миң 823 ымыркай төрөлдү. Мамлекеттик каттоо кызматы ата-энелер көбүнчө кайсы аттарды тандаганы тууралуу маалымат берди.

Өлкөдө быйыл Умар, Алинур, Раяна жана Амина ысымдары эң популярдуу болду.

Өзгөчө ысым менен катталгандар да болду, мисалы балага Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Ленин, Максемус ысымдарын бергендер бар.

Кыздар арасындагы сейрек кездешкен ысымдар — Доминика, Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял.