Марал Радиосу

Ош шаарына жылуулук бериле баштайт

22-октябрдан баштап Ош шаарына жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Жылуулук электр борбору жана «Жылуулук камсыздоо» ишканасы шаарга жылуулук берүүнү баштагандан кийин, 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетери кабарланды.

Ош шаарындагы ЖЭБ 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат.