Марал Радиосу

Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Эркинбек Чодуев кызматтан кетүү боюнча өзү арыз берген.

Чодуев аталган кызматка 2019- жылдын июнь айында дайындалган.