Марал Радиосу

Бишкектеги пианинону дагы сындырып кетишти

Бишкектеги «Театралдык» паркында шаар тургундары үчүн орнотулган пианинону белгисиз адамдар кайрадан сындырып кетишти.

Мэриянын басма сөз кызматы аны калыбына келтирүү мүмкүн эместигин, алмаштырууга туура келерин айтууда. Мекеме укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды.

Жакында эле белгисиз бирөөлөр ушул эле пианинону сындырып кетишкен. Мэрия укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, аларга жаңы пианино алдырышкан.

Мэрия муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга чакырат: «Эгер сиздер тартип бузулуп жатканына күбө болсоңуздар, дароо милицияга кайрылыңыз: 102».