Марал Радиосу

Кытайда 60 миңге чукул адам COVID-вакцинасынын сыноосуна катышты

Кытайда 60 миңдей адам коронавирус илдетине каршы жасалган вакцинанын бир нече түрүн сыноого ыктыярдуу катышты. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдады.

Илим жана техника министрлигинин өкүлү Тянь Баогонун билдирүүсүндө, сыноого катышкан ыктыярчылардын арасында терс натыйжалар байкалган жок. Бүгүнкү күндө Кытайда коронавируска каршы клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү стадиясында төрт вакцина бар.

Аталган мамлекеттик программанын алкагында «China National Pharmaceutical Group» (Sinopharm) фармацевтикалык компаниясы жана АКШда катталган «Sinovac Biotech» компаниясы тарабынан үч вакцина иштелип чыгууда.

Ал эми «CanSino Biologics» компаниясы жасап чыккан COVID-19га каршы төртүнчү вакцина кытай аскерлери тарабынан июнь айында сыналып, жактырлган.