Марал Радиосу

«Унаа» ишканасынын жетекчиси алмашты

Турусбек Түмөнбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Түмөнбаевди «Унаа» ишканасынын директорлугуна Каттоо кызматынын төрагасы сунуштаган.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Марат Пирназаров «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду.