Марал Радиосу

Кара-Кулжа районунун акими кыматынан бошотулду

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Примберди Дыйканов Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда, 2017-жылдын 14-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалган.