Марал Радиосу

Казакстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 10-11-январына белгиленди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Мажилисин шайлоо күнүн белгиледи. Бул тууралуу Ак ордонун сайтында маалымдалды.

Токаев кол койгон документке ылайык, 2021-жылдын 10-январында Мажилистин жогорку палатасына тизме менен шайлоо өтөт. Ал эми 2021-жылдын 11-январына карата Казакстан элинин Ассамблеясы тарабынан шайланган, эл өкүлдөр палатасына добуш берүү болот.

Буга байланыштуу, казак президенти Борбордук шайлоо комиссиясына кезектеги депутаттардын шайлоосуна даярдыктарды көрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле, Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарларынын жана облустардын акимдерине шайлоо иштерин техникалык жана материалдык жактан камсыздоо жаатында даярдык көрүү милдеттендирилди.