Марал Радиосу

Алмазбек Орозалиев Ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулду

Алмазбек Орозалиев Ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулду. Анын ордуна Октябрь Урманбетов Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Алмазбек Орозалиев аталган кызматка 2015-жылдын 4-сентябрында дайындалган. Ал Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айында Бишкек шаарынын коменданты болгон.

2006-2007-жылдары жана 2010-жылдан 2015-жылдын сентябрына чейин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Exit mobile version