Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Менде бюджетти тоногон жемкорлордун тизмеси бар

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 7018 | 1

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев коррупционерлерди «кустуруу» операциясы уланарын айтты.

Анын Фейсбуктагы жазган билдирүүсүнө таянсак, мамлекеттик бюджетке зыян келтирген көптөгөн жемкорлордун тизмеси бар.

«Расмий түрдө жумушка чыкканыма 3 күн болду, бул убакытта 2 млрд сомдон ашык акча өндүрдүк. Тергөө аныктаса, дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана, көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз», — деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

УКМКнын жетекчиси жемкорлордон акча өндүрүүдө эч бир кызматкер пара албайт деп ишендирди. Ал буга жеке өзү көзөмөл кылат.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өзүнүн досу, «Мекенчил» партиясынын лидери, мурдагы депутат Камчыбек Ташиевди 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кылып дайындады.

Ташиев ошол эле күнү маалымат жыйын куруп, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун айланасындагы коррупциялык иштер тергелерин айтты.

УКМК бажы органдарындагы коррупция боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Райымбек Матраимов баштаган 40ка жакын адамды аныктап, издөө жарыялаган.

20-октябрда Райымбек Матраимов өзү кармалып, бюджетти 2 миллиард сомго жакын чыгымга учуратканы айтылды. Ошол эле күнү баш коргоо чарасы каралып, соттук өндүрүш аяктаганга чейин жашаган жеринен сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алынды.

Ал тергөө менен кызматташа турганын айтып, жогоруда аныкталган сумманы атайын түзүлгөн графиктин алкагында, ушул жылдын ноябрь айына чейин төлөп берерин билдирген. 80 миллион сомду УКМКнын депозиттик эсебине которгон.

1 пикир

1 пикир

  1. РАЙКАН

    22.10.2020 19:45

    Камчыбек Ташиев менде бюджетти тоногон жемкорлордун фактылары бар

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM