Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 596 | 0

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы полициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Финпол 20-октябрда Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын, кокус чыгууга аракет жасаса, чек арадан кармалары кабарланган.

Абылгазиев өзү жергиликтүү маалымат каражаттарына өлкөдөн чыгып кетүү планы жок экенин айткан.

Абылгазиев өкмөт башчылыктан 2020-жылдын 16-июнунда өз арызынын негизинде кеткен. Ал 2018-жылдын 20-апрелинен тарта өкмөттү жетектеп келди.

Байланыш агенттигиндеги жыштык сатуу фактысы боюнча ачылган иште Абылгазиевдин да аты аталган. Бирок өзү муну четке кагып келген.

Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды

Copyright © 2017 Maral FM