Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир күндө 169 кылмыш, 160 жорук катталды

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 162 | 0

20-октябрга карата өлкө аймагында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 169 кылмыш, 160 жорук катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти орнотуу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM