Марал Радиосу

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы алмашты

Болотбек Ибраимжанов Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Жапаровдун башка буйругуна ылайык, Таштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Болотбек Ибраимжанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

2015-жылдын октябрында «Республика – Ата-Журт» фракциясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.