Марал Радиосу

Жалал-Абаддын аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 21-октябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.