Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Эл аралык «Манас» аэропортунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.
Ал буга чейин 2005-2007-жылдары аталган аэропортто вице-президент, 2007-2010-жылдары президент болуп эмгектенген.
2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп, быйыл 4-октябрдагы шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон эле.